Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Көөчү айылында 275 орундуу мектеп курулууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 218 млн сомду түзөт.
Мектептин курулушу 2025-жылдын декабрь айында башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имараттын дубалдары тургузулуп, чатырын жабуу иштерине даярдалды.
Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат эки блоктон турат. Жалпы аянты 2 703 чарчы метрди түзөт. Мектеп заманбап үлгүдө курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык шарттар каралган.
Атап айтканда, негизги предметтик окуу класстары, компьютердик класс, лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, китепкана, ашкана, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, ошондой эле жыйындар залы каралган.