Бишкек, 17.11.26 /Кабар/. Сузак районунун Октябрь айылында реконструкцияланган эс алуу багы жана 196 орундуу жаңы кинотеатр пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жалпы аянты 1,5 гектарды түзгөн Тукубай Тайгараев атындагы эс алуу багын реконструкциялоого Турукташтыруу фондунан 31 млн 882 миң сом, ал эми кинотеатрдын курулушуна 33 млн 314 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, долбоорлорду ишке ашырууга Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 26 млн сом багытталган.
Жаңы объектилер айыл тургундарынын маданий эс алуусуна жана бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөт.