Токтогулда 9 кекиликти мыйзамсыз кармагандарга айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 17 Февраль 2026 15:45
541350915_1106014758300552_3289171486067502937_n.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Токтогул районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач айылынын тургундары тарабынан 9 даана кекилик мыйзамсыз кармалганы аныкталган.

Аталган факты боюнча мыйзамга ылайык протокол түзүлүп, 12 миң 500 сом айып салынды. Ошондой эле 9 кекилик үчүн 36 миң сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырат.