Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз салынган 21 тор чыгарылды

Аймак 12 октябрь 2026 16:40
copyright icon Суучулдар кызматы

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Бүгүн Суучулдар кызматынын кызматкерлери Токтогул суу сактагычында суу астын тазалоо иштерин жүргүзүп, 21 торду алып чыгышты.

Кызматтын маалыматына ылайык, чыгарылган торлордун жалпы узундугу болжол менен 2 миң 100 метрди түзөт.

Белгиленгендей, бул иштер суу сактагычтын акваториясын таштандылардан жана торлордон тазалоого багытталган.