Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо башталды. Электр энергиясын үнөмдөө сунушталат

Коом 28 февраль 2025 15:17
Токтогул ГЭСинин гидроагрегатын реконструкциялоо башталды. Электр энергиясын үнөмдөө сунушталат

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Энергетиктер калкты жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынан билдиришкендей, Токтогул ГЭСинин №3 гидроагрегатын реконструкциялоонун башталышына байланыштуу республиканын энергетика системасында электр энергиясын өндүрүү кыскарды. Себеби учурда аталган башкы ГЭСте төрт гидроагрегаттын үчөө иштеп жатат.

Белгилей кетсек, реконструкция иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу кошумча 60 МВт көбөйөт жана станциянын жалпы кубаттуулугу 1440 МВт болот.