Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары аныкталды

Президент Загрузка... 18 Июнь 2026 12:10
DST_7824_zdOkjzp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2025-жыл үчүн адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы өз ишмердүүлүгүндө өзгөчө айырмаланган инсандарга ыйгарылды.

Мамлекеттик сыйлык төмөнкү номинациялар боюнча берилди:

  • Адабият жаатында: Жазуучу Айтмамбетов Ишен Жакшылыковичке — "Бет-Алман" тарыхый романы үчүн;
  • Музыкалык искусство жаатында: Композитор-обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Казаков Түгөлбай Токтогуловичке — "Боз жорго" музыкалык чыгармасы үчүн;
  • Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатында: Т. Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Абдыкадыр Тилекке — Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн.

Сыйлык "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзамынын жана Конституциянын негизинде ыйгарылды.