Токиодо мүмкүн болгон жер титирөө 18 миң адамдын өмүрүн алышы ыктымал

Дүйнө Загрузка... 08 Декабрь 2025 16:47
1573275062_0_0_3071.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.11.25. /Кабар/. Токионун жанындагы райондордо жакынкы он жылда болот делген жер титирөө 18 миңге жакын адамдын өмүрүн алып, 83 трлн иен (535 млрд доллар) экономикалык зыянга учуратышы мүмкүн, деп билдирет РИА Новости.

Маалыматта белгиленгендей, бул Токио аймагында 7,3 баллдык жер титирөө атайын сценарийге негизделген. Адистердин айтымында, Токионун аймагында кийинки 30 жылдын ичинде ушул сыяктуу зилзаланын ыктымалдыгы болжол менен 70%ды түзөт.

Өкмөттүн эсептөөлөрүнө ылайык, эсептөөдө жер титирөөдөн 18 миңге чейин адам каза болушу мүмкүн. Болжол менен 400 миңдей имарат талкаланат. Дагы 4,8 млн адам үйлөрүнө кайтып келе албайт, ал эми "кошумча өлүмдөрдүн" саны 16 миңден 41 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Япония ЖМКлары жаңы божомолдоо 2013-жылдагыга салыштырмалуу абал бир аз жакшырганын белгилешет. Ошол эле кезде Токиодо жана анын тегерегиндеги аймактарда жер титирөөдөн каза болгондордун саны эң кеминде 23 миңге, ал эми экономикалык зыян 95 трлн иенге (болжол менен 613 млрд долларга) жетет деп болжолдонгон..

Ошондой эле учурда өкмөттүн баалоосунда маанилүү инфраструктурага коркунучтар көбөйгөнү айтылат. Мисалы, чоң жер титирөөдө электр энергиясынын өчүрүлүшү болжол менен 16 млн электр түйүнүнө таасир этиши мүмкүн.

Мындан тышкары, эки миллионго жакын адам канализация системаларын колдоно албай калышы ыктымал. Мурунку божомолдо бул көрсөткүч 1,5 млн деп көрсөтүлгөн. Себеби, жаңы баалоо мурда эске алынбай калган факторлорду, мисалы, ири электр энергиясынын өчүрүлүшүн, саркынды сууларды тазалоочу жайлардын иштебей калуу ыктымалдыгын, ошондой эле Токионун калкынын өсүшүн жана ага байланыштуу маанилүү инфраструктуралык тармактарга күч келүү эске алынган.