Токиодо алгачкы ирет "учуучу унаа" сыноодон өткөрүлдү

Дүйнө Загрузка... 25 Февраль 2026 12:45
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Япониянын борборунда "SkyDrive" стартабы өзүнүн "учуучу унаасын" алгачкы жолу ийгиликтүү сынады. Бул тууралуу Kyodo агенттигине шилтеме берүү менен Kazinform билдирди.

Сыноонун жүрүшүндө аралыктан башкарылуучу учкучсуз аппарат Токио булуңунун үстүнөн 150 метр аралыкты 3,5 мүнөттө учуп өттү.

SD-05 моделинин негизги мүнөздөмөлөрү:

  • Электрдик, 12 ротордуу;
  • 3 адамга ылайыкталган;
  • Бир жолку кубат алуу менен 15 чакырымдан 40 чакырымга чейин уча алат.

Аппараттын чакан көлөмү кадимки тик учактар коно албаган тар жерлерге конууга мүмкүндүк берет. Долбоор шаардагы жол тыгындарын азайтууга жана экологиялык таза транспортту жайылтууга багытталган.

"SkyDrive" компаниясынын башчысы Томохиро Фукузаванын айтымында, 2028-жылы сервисти коммерциялык негизде ишке киргизүү пландалууда. Ал эми 2030-жылдан кийин учуунун баасы кадимки таксинин тарифтерине жакындап, атүгүл андан арзан болушу мүмкүн. Бул транспорт кадимки таксиге караганда 4-5 эсе тез жетип, убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.