Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Тогуз-Торо районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты.
Мамлекет башчысына маалымдалгандай, райондун өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2021-жылдагы 1 млрд 239,1 млн сомдон 2025-жылы 3 млрд 427,3 млн сомго чейин өскөн. 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 3 млрд 202,5 млн сомду түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4 млрд 270 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө. 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 276,6%ды түзгөн.