Бишкек, 26.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, жүзөгө ашырылган долбоорлор, учурдагы иштер жана келечек пландар менен таанышты.
Президентке маалымдалгандай, райондун аймагында ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын бири — жалпы долбоордук кубаттуулугу 912 МВт болгон үч гидроэлектр станциясын камтыган Казарман ГЭСтер каскадын куруу.
Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун аймагы аркылуу курулуп жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун 70 чакырымдык бөлүгү өтөт.