Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы “Ынтымак Ордого” келди

Саясат Загрузка... 29 Апрель 2026 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.04.26 /Кабар/. Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбенин кортежи “Ынтымак ордого” келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, өкмөт башчыны президент Садыр Жапаров тосуп алды. Эки өлкөнүн гимндери жаңырууда. Сапардын жүрүшү “Ала-Тоо 24” телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Алдыдагы сапардын жүрүшүндө эки жактуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөр, ошондой эле инвестиция, айыл чарба, саламаттык сактоо, билим берүү, санариптештирүү жана башка багыттардагы бир катар документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, бул - Того министрлер кеңешинин төрагасынын Кыргызстанга жасаган алгачкы мамлекеттик сапары болуп саналат. Ошондой эле бул сапар Кыргызстандын Африка континентинин өлкөлөрү менен кызматташтыгынын тарыхында эң жогорку деңгээлдеги биринчи сапар.

Эскерте кетсек, күн мурун Того министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алган.