Бишкек, 01.06.26 /Кабар/. Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Болжол менен анын 200 чакырымы мурда жол болбогон аймактар аркылуу салынган.
Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу 1-июндан тарта ноябрга чейин убактылуу пайдаланууга берилет. Долбоор толук аяктагандан кийин Жалал-Абад менен Балыкчынын ортосундагы жол жүрүү убактысы 13 сааттан 6 саатка чейин кыскарат. Жолдун курулушун толук бүтүрүү 2028-жылга пландалууда.
Ошондой эле долбоордун алкагында эки эстакадалык көпүрө курулуп, өлкөдөгү эң узун туннель пайдаланууга берилди.
"Кабар" агенттигинин сүрөтчүсү Түндүк–Түштүк унаа жолунда тартылган кооз кадрлары менен бөлүшөт.