Бишкек, 16.02.26 /Кабар/. Түндүк Европа өлкөлөрү 2030-жылга чейин Түндүк уюл аркылуу Азиядан Түндүк Америкага чейин жеткен суу алдынданы интернет байланышын курууну пландап жатат. Бул тууралуу Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, Polar Connect деп аталган биргелешкен долбоор Швециядан башталып, Түндүк уюл аркылуу Азия жана Түндүк Америкага чейин созулган байланыш инфраструктурасын түзүүнү карайт.
Алдын ала белгиленген маршрут Швеция – Норвегия – Канада – Аляска – Япония – Түштүк Корея өлкөлөрүн камтыйт. Жалпы узундугу 10 миң 500 чакырымды түзгөн кабель системасы 2030-жылы пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.
Европа биримдиги бул долбоорду учурдагы коопсуздук шартында артыкчылыктуу багыт катары баалоодо. Долбоордун болжолдуу баасы 21 миллиард швед кронасынан ашары айтылууда.
Адистердин пикиринде, бул демилге аймактын санариптик көз карандысыздыкты бекемдеп, континенттер ортосундагы интернет байланышынын туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.