"Титаник" кемесинде аман калган жүргүнчүнүн күрмөсү 670 миң еврого сатылды

Дүйнө Загрузка... 20 Апрель 2026 17:30
titanic2.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. "Титаник" кемесинде аман калган жүргүнчүнүн куткаруу күрмөсү 670 миң еврого сатылды. Бул тууралуу Казинформ BBC'ге шилтеме берип билдирди.

Маалыматка ылайык, "Титаниктен" аман калган Лора Мейбл кийген күрмө аукциондо коллекционерге сатылды. Чөккөндөн берки 114 жыл ичинде "Титаниктен" куткаруу күрмөсү биринчи жолу ачык аукционго коюлду. Бул лот Henry Aldridge & Son аукцион үйү тарабынан сунушталган.

Күрмөнүн 12 чөнтөгү жана каптал курлары бар. Анда аман калгандардын кол тамгалары да жазылган.

Эксперттер лоттун баасын 250 миң–350 миң евро болот деп баалашкан. Бирок андан эки эсе жогору баага сатылды.

Ошол эле аукциондо "Титаниктин" куткаруу кайыктарынын бириндеги отургучтан алынган жаздык 390 миң еврого сатылган.

Саякатка чыккан кеме 1912-жылы кырсыкка учураган.