Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун журналисттер форумунун пленардык жыйынында Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун редактор-баяндамачысы Тимур Осмонов ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташуусун жаңы деңгээлге чыгаруу зарылдыгын белгилеп, саясий жана экономикалык багыттар менен катар гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл бурууга чакырды.
Анын айтымында, ШКУ түзүлгөндөн бери мүчө мамлекеттер коопсуздук, өз ара ишенимди бекемдөө жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү багытында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бирок уюмдун мындан аркы өнүгүүсү гуманитардык байланыштарды кеңейтпей туруп мүмкүн эмес.
“Биргелешкен өнүгүү — бул бир гана жолдор, инвестициялар жана соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү эмес. Ар бир долбоордун артында адамдар турат. Адамдар бири-бирин түшүнүп, коңшу элдердин маданиятын билип, мамлекеттердин аталыштарынын артында аймактарды эмес, тирүү адамдарды көргөндө кызматташуу жеңил болот”, — деди Осмонов.
Ал ШКУ өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү калыптандырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң экенин белгиледи. Ошондой эле ЖМКларды саммиттер жана келишимдер тууралуу гана эмес, жөнөкөй адамдардын жашоосу тууралуу да көбүрөөк айтып берүүгө чакырды.
Тимур Осмонов практикалык демилге катары ШКУнун алкагында жыл сайын өтүүчү жаштар медиа лагерин түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, анда ар кайсы өлкөлөрдөн келген журналистика, режиссура, сүрөт жана башка гуманитардык багыттарда билим алган студенттер биргелешип репортаждарды, документалдык тасмаларды, подкасттарды жана санариптик долбоорлорду даярдай алышат.
Мындан тышкары, ал Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуу мезгилинде өлкөдө бир катар иш-чаралар, анын ичинде Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган уюмдун алгачкы журналисттер форуму өткөрүлөрүн белгиледи.
“Менимче, Кыргызстандын өзгөчө салымы ШКУ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу аянтчасына айланышында болушу мүмкүн. Ошондо биз бири-бирибизди жакшыраак угуп, түшүнүп жана таанып-биле алабыз”, — деп жыйынтыктады Осмонов.