Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" КР мыйзамынын 47-беренесине ылайык Мадяров Тимур Мысырович Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.
Тимур Мадяров Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды
Кадрлар жана дайындоолор
12 март 2025 10:58