Тилек Куралов өзбек күрөшү боюнча мелдеште коло медаль тагынды

Көчмөндөр оюндары-2026 1 сентябрь 2026 19:00
Тилек Куралов өзбек күрөшү боюнча мелдеште коло медаль тагынды
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. Кыргызстандын атынан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан балбан Тилек Куралов өзбек күрөшү (кураш) боюнча мелдеште үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Балбандын айтымында, мелдештин жүрүшүндө ал төрт өлкөнүн спортчулары менен күч сынашты.

“Алардын арасында Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран жана Монголиянын балбандары болду”,-деди ал.

Ошондой эле ал буга чейин 2018-жылы өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чемпион болгонун белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кураш, гореш жана монгол күрөшү боюнча мелдештер өттү. Ага 32 өлкөнүн өкүлдөрү катышты