Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо жаатындагы лидери болду

Коом
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо жаатындагы лидери болду
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Бишкек шаардык Тез медициналык жардам борборунун директору Егор Борисов "КМШ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо лидери — 2026" эл аралык сынагында жеңүүчү болду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал тез медициналык жардамды санариптик трансформациялоо жана борбордун автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү долбоору үчүн сыйланды.

Сынакка Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Азербайжандын өкүлдөрү катышкан. Долбоорлор натыйжалуулугу, практикалык жыйынтыктары жана башка өлкөлөрдө колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча бааланган.