Tesla Optimus роботун 2027-жылы сатыкка чыгарууну пландап жатат

Дүйнө Загрузка... 23 Январь 2026 09:30
WhatsApp Image 2026-01-23 at 09.02.36.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.01.26 /Кабар/. Tesla компаниясы адамга окшош Optimus роботторун 2027-жылдын аягына чейин сатыкка чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.

Маалыматта белгиленгендей, Teslaнын башкы директору Илон Маск Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда учурда Optimus роботторунун бир нечеси Tesla`нын заводдорунда иштеп, жөнөкөй өндүрүштүк тапшырмаларды аткарып жаткандыгын айткан.

Маск билдиргендей, быйылкы жылдын аягына чейин роботтордун аткарган кызматтары көбөйүп, келерки жылдын аягына чейин кеңири аудиторияга сатылып баштайт.

Гуманоид роботту жасап чыгуу идеясы Илон Маск тарабынан алгач 2021-жылдын август айында сунушталган. Ал эми Optimus роботунун алгачкы бет ачары 2024-жылдын октябрь айында өткөн. Ошондо Маск роботтун болжолдуу баасы 20–30 миң АКШ долларынын тегерегинде болорун билдирип, аны массалык керектөөчү үчүн жеткиликтүү деп мүнөздөгөн.

2025-жылы Optimus роботу бий кыймылдарын аткарып, Голливуддагы кызыл килемден өтүп, кунг-фу элементтерин көрсөткөн.

Ошондой эле буга чейин Маск жакынкы жылдары өндүрүш көлөмү жылына 1 миллион даанага жете турганын айткан. Кийинки этапта Optimus 4 версиясы чыгарылып, анын саны 10 миллионго чейин, ал эми Optimus 5 версиясында 50–100 миллион даанага чейин көбөйүшү мүмкүн.

Илон Маск Optimus роботтору жана автономдуу унаалар аркылуу жакырчылыксыз коом курууга болот деп эсептейт. Анын пикиринде, роботтор медицина тармагында да зор мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, “мыкты хирург” боло алышат. Келечекте бардык жумуштарды роботтор менен жасалма интеллект аткарып, адамдарга иштөө зарылдыгы калбайт.