Темир жолдун курулушунда эл менен тыгыз иш алып барылууда – адис

Коом 26 Август 2026 10:30
IMG_20260825_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260825_1_zqA3zdI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_20260825_1.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_20260825_1_zqA3zdI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 26.08.26 /Кабар/. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Манас шаарынан Өзбекстан менен чектешкен аймакка чейинки 14 чакырымдык №14 тилкесинде жергиликтүү тургундар менен үзгүлтүксүз жолугушуулар өткөрүлүп, курулуш учурунда жаралган маселелер жеринде чечилип турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун №14 тилкесинин коомчулук менен байланыш боюнча координатору Баратбек Сыдыкназаров билдирди.

Анын айтымында, тургундар курулуштан чыккан ызы-чуу, чаң, жолдорго суу себүү маселелери жана ошондой эле курулуш техникасын алуу боюнча кайрылышат.

“Жергиликтүү тургундарга трактор, жүктөгүч же кран керек болсо жардам беребиз. Мындай кызматтар акысыз көрсөтүлөт”, — деди Баратбек Сыдыкназаров.

Ал белгилегендей, жергиликтүү тургундар менен жолугушуулар ай сайын өткөрүлөт. Анда курулуш иштерине, экологиялык коопсуздукка жана белгиленген талаптардын сакталышына байланыштуу маселелер талкууланат.

Координатордун айтымында, экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөөгө эколог адистер тартылып, алар айлана-чөйрөнүн абалын жана белгиленген талаптардын сакталышын текшерип турушат.

"Объектте иштеп жаткан кытайлык адистер менен өзүнчө иштер жүргүзүлүп, аларга жергиликтүү маданияттын өзгөчөлүктөрү түшүндүрүлүп жатат. Учурда №14 тилкеде жергиликтүү калктан 100дөн ашуун адам эмгектенүүдө. Мындан тышкары, курулуш иштерин жүргүзгөн уюмдар техникалардын бир бөлүгүн жергиликтүү тургундардан ижарага алышууда. Темир жолдун курулушу аяктагандан кийин ага жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары үчүн да кошумча жумуш орундары түзүлөт",-деди ал.

Мындан тышкары, курулуш жүрүп жаткан аймакка айрым турак үйлөр, жер тилкелери жана башка объектилер кирип калат. Координатордун айтымында, аларды бошотуу маселелери кыргыз тараптан чечилип, менчик ээлерине кенемтелер мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Ал мындай иштердин негизги максаты жергиликтүү тургундар менен курулуш иштерине катышкан тараптардын ортосунда өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылуу жана долбоорду тоскоолдуксуз ишке ашырууга шарт түзүү экенин белгиледи.