Темир тор артындагы зомбулук: Ысык-Көл РИИБдин кызматкери кармалды

Укук тартиби Загрузка... 27 Январь 2026 14:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы Т.К.А. кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, ал жаранды кыйнап, опузалап акча талап кылууга шектелүүдө. Убактылуу кармоочу жайдын мурдагы башчысы Т.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кармалган М.К. аттуу жаранга "ыңгайлуу шарттарды түзүп берем" деп акча талап кылган. Ошону менен бирге физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркуткан.

Т.К.А. жана башка ИИБ кызматкерлери ага карата физикалык кол салуу жасашкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин, Т.К.А. ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, Т.К.А. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Ысык-Көл райондук ИИБнын башка кызмат адамдарынын М.К.дан опузалап акча талап кылуу жана кыйноо фактысына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.