Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарында адам сымал роботторду чыгаруучу AgiBot компаниясы Жаз майрамынын алдында масштабдуу гала-концерт уюштурду. Анда 200дөн ашуун гуманоид роботтор татаал хореографиялык номерлерди аткарышты. Бул тууралуу Kazinform кабарлайт.
Анда белгиленгендей, программада бийлерден сырткары, согуш өнөрүнүн элементтери, комедиялык көрүнүштөр жана магиялык номерлер да көрсөтүлдү.
Концерттин ийгиликтүү өтүшү антропоморфтук технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү кеңейип жатканын айгинеледи. Эгер буга чейин өнөр жай жана автоматташтыруу тармагындагы иштеп чыгуулар басымдуулук кылса, азыр робототехника массалык көңүл ачуу жана маданий долбоорлорго да активдүү кире баштады.
Шанхайдагы AgiBot компаниясы ири театрлардан, концерттик борборлордон жана илимий-техникалык музейлерден кызматташуу сунуштары түшкөнүн билдирди. Айрым мекемелер кеченин толук программасын сатып алып, аны туруктуу көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.
Буга чейин Кытай дүйнөдөгү эң ылдам адам сымал роботту тааныштырганы маалымдалган.