Телефон шылуундары: алдамчылык схемалары жана алардан коргонуунун жолдору

Коом Загрузка... 21 Октябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Санариптик технологиялар жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, ыңгайлуулукту жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылды. Бирок, алардын өнүгүшү менен кибер кылмыш менен байланышкан тобокелдиктер да өсүүдө. Акыркы жылдары Кыргызстанда өзүн күч органдарынын же банк кызматкери катары тааныштырып, жарандарды телефон аркылуу алдоо фактылары көп кездешүүдө.

WhatsApp Image 2025-10-21 at 17.17.06 (1).jpeg

Акыркы эле окуяга токтолсок, өздөрүн Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин кызматкерлери катары тааныштырып, жарандардан акча талап кылышкан. Бирок, Курулуш министрлиги мындай иштерге эч кандай тиешеси жок экендигин, билдирүүлөр аркылуу же жеке байланыштар аркылуу акча талап кылбастыгын билдирди.

WhatsApp Image 2025-10-21 at 17.18.31.jpeg

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, шылуундардын негизги алдамчылык ыкмалары төмөнкүлөр:

- банктан чалуу;

- укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин атынан чалуулар;

- дарылоо үчүн акча чогултуу;

- жетекчиликтен билдирүү;

- арзан буюмдар;

- батирлерди ижарага алуу;

- лотереялар жана утуштар.

Мындай көрүнүштөр жарандар арасында түшүнбөстүктөрдү жаратып, мамлекеттик органдарга болгон ишенимдин төмөндөтөт. Натыйжада жарандар чыныгы кызматкерлерге да күмөн санап, мамлекеттик коопсуздукка жана жарандардын укуктарына түзмө-түз коркунуч жаратмакчы.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жыл башынан бери 8 миң 786 алдамчылык фактысы катталганын сентябрь айында Жогорку Кеңештин комитеттеринин биринде билдирген. Анын айтымында, алардын ичинен 76 пайыз иштер ачылып, бул кылмыштар боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

WhatsApp Image 2025-10-21 at 17.16.42.jpeg

ИИМ киберкылмыштын курмандыгы болуп, шылуундарга алданып калбоо үчүн төмөнкүлөрдү эскертет:

- Программалык камсыздоону (ПО) дайыма жаңыртып туруңуз;

- Татаал сыр сөздөрдү колдонуңуз;

- Электрондук спам-билдирүүлөрдөгү тиркемелерди ачпаңыз;

- Электрондук спам-билдирүүлөрдөгү шилтемелерди баспаңыз;

- Жеке маалыматты бербеңиз;

- Эгер шектүү чалуу же суроо алсаңыз, компания же ошол мекеме менен түз байланышыңыз;

- Кирген веб-сайттардын даректерин кылдат текшериңиз.

Ошондой эле телефон аркылуу бейтааныш адам менен сүйлөшүү учурунда шектенүү жаралса, ИИМ төмөнкү негизги эрежелерди сактоо зарылдыгын билдирет:

- Эч кандай маалыматты билдирбеңиз;

- Туугандарыңызга чалыңыз;

- Тактоо суроосун бериңиз;

- Шилтемелерди ачпаңыз;

- Акча которбоңуз;

- Банк менен байланышыңыз;

- Булактарды текшериңиз.

WhatsApp Image 2025-10-21 at 17.32.45.jpeg

Алдамчылыктын дагы бир түрү учурда социалдык мессенжерлерде ар кандай шылтоолор менен онлайн киреше табуу сыяктуу, элди жалган долбоорлорго акча каражаттарын салууга үндөгөн билдирүүлөр, роликтер активдүү тарап жаткандыгы барыбызга маалым.

“Каржылык сабаттуулуктун төмөндүгүнөн улам, көптөгөн жарандарыбыз алдамчылардын торуна түшүү коркунучунда. Тез байып кетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунуштар менен азгырып, алар ишенчээк жарандардан мүмкүн болушунча көп акча каражаттарын тартып алууга аракет кылышат. ИИМ жарандарды шектүү долбоорлорго акча каражаттарын салуу тобокелдиктери жөнүндө дайыма эскертип келет. Жарандар акчасын финансылык пирамидаларга салууда тобокелдик чоң жана каражатын толугу менен жоготуп алышы мүмкүн экенин түшүнүшү керек. Мында салынган каражаттардын сакталышына эч ким кепилдик бере албайт”,- деп жазылат ИИМдин сайтында.

Акыркы мезгилде эң көп кездешкен алдамчылык схемалар катары SIM - картанын мөөнөтүн узартууну суроо жана Whats App мессенджерин бузуп кирүү менен акча сурап билдирүү жөнөтүү болууда. Мында дароо банк менен байланышып, банк картасын бөгөттөө жана сыр сөздөрдү алмаштыруу сунушталат. Телефон шылуундарына алданып калбоо үчүн ИИМ, УКМК, Улуттук банк жана байланыш операторлору жарандарга маалымат иретинде жеке билдирүүлөрдү жөнөтүп келишет. Мында шектүү чалуулар же билдирүүлөр болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

WhatsApp Image 2025-10-21 at 17.19.00 (1).jpeg

Эскерте кетсек, Кыргызстанда интернеттеги алдамчылык, каржылык маалыматтарды же банктык карталардын маалыматтарын уурдоо, телефон аркылуу шылуундук кылуу жана башка кибер кылмыштар үчүн КР Кылмыш-жаза кодекси (28-октябрь, 2021-жыл, №127) жана КР киберкоопсуздугу жөнүндө мыйзамы (17-июль, 2024-жыл №121) менен кылмыш жоопкерчилиги каралган.