Тажикстандагы жарманкеде Баткендин инвестициялык дарамети сунушталды

Борбор Азия 19 Июнь 2026 09:25
727490377_1547978293362287_6030193226847788866_n.jpg
727542565_1547978340028949_4965075216294677302_n.jpg
725318542_1547978246695625_964222136042983276_n.jpg
726357875_1547979036695546_80023060979853337_n.jpg
725838494_1547978396695610_5362291287905782453_n.jpg
725616018_1547979010028882_9195070351841795930_n.jpg
726367152_1547979083362208_6943680449842940190_n.jpg
726767519_1547978450028938_5706903081408763264_n.jpg
725318548_1547978203362296_3344886046665843826_n.jpg
726432179_1547977633362353_8731888856553452294_n.jpg
726900506_1547978520028931_3278026346363752969_n.jpg
725205169_1547979103362206_8571025161568923752_n.jpg
725633709_1547977526695697_6846076855786700982_n.jpg
725816692_1547977516695698_2254952200136838484_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Баткен облусунун делегациясы Тажикстандын Худжанд шаарында өтүп жаткан XII эл аралык "Согди-2026" соода-инвестициялык жарманкесине катышууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында "Соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, кызматташтыктын келечеги" аталышындагы эл аралык форум болуп өттү.

Форумга Баткен облусунун башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Баткен районунун акими Данияр Иманалиев жана бир катар ишкерлер катышты.

Белгилей кетсек, иш-чарага дүйнөнүн 20 мамлекетинен келген 500дөн ашык чет элдик инвесторлор, ишкерлер жана расмий делегациялар катышып, ар кыл компаниялардын ишмердүүлүгү, инвестициялык долбоорлору жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты.

Форум соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөйт.