Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон социалдык тармактардагы лайк жана репост үчүн кылмыш жазасын алып салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Буйрукка ылайык, Тажикстанда социалдык түйүндөрдө материалдарга лайк басып, репост кылуу үчүн жазалоо боюнча жоболор Кылмыш-жаза кодексинен алынып салды.
Агенттик билдиргендей, өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон тиешелүү мыйзамга шаршемби, 14-майда кол койду.Түзөтүүлөр терроризмге ачык чакырыктар үчүн жазаны караган жана интернетте терроризмди актаган беренелерге тиешелүү.
Эске салсак, 2024-жылдын жазында Эмомали Рахмон бул практикага чекит коюу керек деп белгилеген. .
“Анткени, адамдарды интернеттеги ишмердүүлүгү үчүн гана жазалоого болбойт”,-деген ал.
Мыйзамдагы тиешелүү түзөтүүлөрдү тажик парламентинин төмөнкү палатасы апрель айында бир добуштан колдогон.