Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келиши эки элдин эртеңки келечеги үчүн жакшы саамалык. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчыларынын жолугушуусунда эки өлкөнүн алакасын бекемдөөчү маанилүү келишимдерге кол коюлуп, бардык тармактарда кызматташууга мүмкүнчүлүктөр ачылат.
“Советтер союзунун курамындагы өлкөлөр бирге жашап, оош-кыйыштуу жашоону, ийгиликти чогуу көргөн. Эгемендүү өлкө болгондон кийин Тажикстан дагы бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Жарандык согуш болду. Мына ошол учурда Кыргызстан ийнин жөлөп, өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк болгон. Ошол мамиле, алака кайра жанданышы керек. Тажик президентинин өлкөбүзгө мамлекеттик сапар менен келиши абдан жакшы саамалык. Эки өлкөнүн мурунку карым-катнашы кайра жанданып, кеткен кемчиликтерди кечиришип, алаканы бекемдөөчү маанилүү келишимдерге кол коюлат деп ишенем. Ынтымактын бекемдеши менен соода-алака жанданат. Эң башкасы чек ара маселеси чечилип, эки өлкөнүн элинин тынчтыкта, бакубат өмүр сүрүүсүнө шарт түзүлөт”,-деди ал.