Таштанды полигонундагы өрт: Кант мэриясына 51 миң сом айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 15 Июль 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Кант шаардык мэриясына караштуу таштанды полигонунда өрт чыккандыгына байланыштуу жергиликтүү бийликке айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматына караганда, буга чейин социалдык тармактарда таштанды полигонундагы өрт тууралуу маалыматтар тарап, коомчулукта нааразычылык жараткан. Бул билдирүүдөн соң министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жерине барып, текшерүү жүргүзүшкөн.

WhatsApp Image 2026-07-15 at 07.19.47 (1).jpeg

Өрттү өчүрүү иш-чаралары Кант шаардык мэриясы тарабынан ыкчам уюштурулуп, өчүрүлгөнүнө карабастан, экологиялык эреже бузуу фактысы катталган. Натыйжада Кант шаардык мэриясына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 51 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерилди.