Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борбору Гиннесстин рекорддор китебине кирди

Борбор Азия Загрузка... 14 Апрель 2026 09:10
3acdc8bc-b392-4dfd-977f-babd74f6c189.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Өзбекстандын борбору Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борбору дүйнөдөгү эң ири ислам цивилизация музейи катары Guinness World Records тарабынан расмий каттоого алынды. Бул тууралуу Anadolu агенттигине таянып, Kazinform билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, сертификатты тапшыруу аземи Гиннесстин өкүлү жана калысы Шейда Субашинын катышуусунда өттү. Ал комплекстин эл аралык талаптарга жооп берерин расмий тастыктады. Шейда Субашинин айтымында, бул объект тарыхый мурастар менен заманбап музей технологияларын айкалыштырып, маданияттар аралык диалог үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Комплекстин аянты болжол менен 10 гектарды түзөт. Узундугу 161 метр, туурасы 118 метр, ал эми куполунун бийиктиги 65 метрге жетет. Жалпы аянты 50 миң чарчы метрден ашат.

Борбор күнүнө 5 миңге чейин адамды кабыл алууда.