Ташкентте жасалма жамгыр жаадырылат

Борбор Азия Загрузка... 01 Апрель 2026 15:15
WhatsApp Image 2026-04-01 at 15.10.13.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жамгыр технологиясы колдонула баштайт. Бул тууралуу Kazinform маалымдайт.

Маалыматта белгиленгендей, аталган технология эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылат. Анын алкагында 2027-жылдын 1-октябрына чейин Ташкент шаарында жана облусунда нымдуулугу төмөн аймактарга жасалма жамгыр чакыруучу керектүү жабдуулар орнотулат.

Долбоордун максаты жаан-чачындын көлөмүн табигый деңгээлге салыштырмалуу 10–20%га көбөйтүү. Жасалма жамгыр технологиясы абадагы чаңды жана зыяндуу бөлүкчөлөрдү азайтып, абанын сапатын убактылуу жакшыртат. Мындан тышкары, ал кургакчылык жана аптаптуу аба ырайы шартында айлана-чөйрөнүн нымдуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөрү күтүлүүдө.

Буга чейин Иранда да кургакчылык учурунда жасалма жамгыр жаадыруу иштери башталган.