Ташкент, 01.12.25. /Кабар/. Бүгүн Ташкент шаарындагы Жаштар сарайында Жарандык коом жумалыгына старт берилди. Анын негизги максаты — жарандык коом институттарын өнүктүрүү боюнча аткарылган иштерди талдоо жана бул багытты мындан ары өркүндөтүү сунуштарын иштеп чыгуу болуп саналат.
Жумалыктын программасына өкмөттүк эмес уюмдардын Улуттук форуму, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар даярдаган продукциялардын жарманкеси, Олий Мажлистин палаталары жана Адилет министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуулар жана диалогдор, эл аралык конференция, социалдык акциялар, ошондой эле жарандык коомдун алдыңкы институттарын сыйлоо аземи кирет.
Иш-чаралардын жыйынтыгында «Жарандык коомду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» төш белгиси, «Жарандык демилге» улуттук сыйлыгы жана «Жарандык коомду өнүктүрүүгө салым кошкон мыкты мамлекеттик орган» наамы ыйгарылат.
Мындан тышкары, «Максаттуу долбоорлор» акциясынын алкагында өкмөттүк эмес уюмдардын маанилүү демилгелерин каржылоо, ошондой эле социалдык мааниси зор долбоорлордун масштабын кеңейтүү маселелери талкууланат.
2025-жылы жарандык коом институттарын колдоого 1 трлн 200 млрд сум (100 млн доллар) бөлүндү.
Иш-чара 5-декабрга чейин уланат.