Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык кызматташуусу талкууланды

Борбор Азия 2204 15 Февраль 2026 18:50
635920917_897204842904492_6858701568575976045_n.jpg
634896186_18093349724476120_8224569789811938047_n.jpg
635229985_897204812904495_5993636879582692695_n.jpg
632045864_18093349772476120_2011687433601467657_n.jpg
635316028_897204739571169_7064449882420330483_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.02.26. /Кабар/. Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министрлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө акыркы жылдары мамлекеттердин президенттери тарабынан демилгеленген көп тараптуу кызматташтык бардык тармактарда, өзгөчө отун-энергетика тармагында ырааттуу жана натыйжалуу өнүгүп жатканы өзгөчө белгиленди.

Жолугушууда учурдагы күз-кыш мезгилин коопсуз өткөрүү, вегетация мезгилинде суу-энергетикалык системалардын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, өз ара кызматташууну мындан ары тереңдетүү маселелери кеңири талкууланды. Тараптар тармактын иштөө графиктерин макулдашышты.