Ташкент, 17.02.26. /Кабар/. 2028-жылы велотрек боюнча Азия чемпионаты алгач ирет Ташкент шаарында өтөт. Мындай чечим Азия велоспорт конфедерациясынын Аткаруу комитетинин директорлор кеңеши тарабынан жаңы Олимпиадалык цикл үчүн ири эл аралык мелдештердин кожоюндарын аныктоо учурунда кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, чемпионат Олимпиадалык шаарчада жайгашкан заманбап велотрек комплексинде уюштурулат. Континенттик биринчилик Азиянын мыкты велоспортчуларын бир аянтчага чогултуп, алар үчүн эл аралык рейтингде маанилүү упайларды топтоого шарт түзөт.
Белгиленгендей, бул мелдеш Лос-Анжелес-2028 жайкы Олимпиада оюндарына тандоо процессиндеги негизги старттардын бири катары каралууда.