Ташкентте Транскаспий коридорунун координациялык түзүмү тааныштырылат

Борбор Азия Загрузка... 24 Октябрь 2025 15:15
23_II.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.10.25. /Кабар/. Ноябрь айында Ташкент шаарында өтө турган Инвесторлор жана өз ара байланыш форумунда Транскаспий транспорт коридорунун өнүгүүсүнө арналган координациялык структуранын долбоору сунушталат. Бул тууралуу Европа комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Люксембург шаарында Европа биримдиги, Армения, Азербайжан, Молдова, Түркия, Украина жана Борбор Азия мамлекеттеринин — Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кабыл алынган.

Жыйында Европа биримдиги менен Борбор Азияны Түркия жана Түштүк Кавказ аркылуу туташтырууга багытталган жаңы өз ара байланыш күн тартиби талкууланды.

Иш-чаранын негизги максаты — соода, транспорт, энергетика жана санариптик технология тармактарында стратегиялык инвестицияларды координациялоо болуп саналат. Айрыкча Транскаспий транспорттук коридорун чыңдоо, жогорку ылдамдыктагы интернетти өнүктүрүү, кайра жаралуучу энергия булактарын кеңейтүү жана чек ара соодасын жөнөкөйлөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Транскаспий транспорттук коридор боюнча Инвесторлор жана байланыш форуму 27-ноябрда Ташкент шаарында өтөт.