Ташкент, 06.01.26. /Кабар/. Ташкент шаарындагы Адам укуктары үйүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө», «Адам укуктарын урматтоо жана коргоо жөнүндө» жана «Жакырчылыктан арылуу» аттуу эмгектеринин өзбек тилиндеги басылыштарынын бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кытайдын Өзбекстандагы элчиси Юй Цзюнь, илимий жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, китепканалардын кызматкерлери, ЖМКнын өкүлдөрү жана Улуттук борбордун кызматкерлери катышкан.
Презентация учурунда Улуттук борбордун директору, академик Акмал Саидов өлкө жетекчилиги тарабынан белгиленген окуу маданиятын өнүктүрүү багытындагы милдеттерге токтолгон.
Ал эми Кытайдын элчиси Юй Цзюнь сунушталган китептер Кытайдын мамлекеттик башкаруу, адам укуктарын коргоо жана социалдык өнүгүү маселелерине болгон мамилесин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеген.
Иш-чаранын жыйынтыгында Кытайдын Өзбекстандагы элчилиги Адам укуктары үйүнө 800гө жакын китеп белек кылды. Анын бир бөлүгү өлкөдөгү алдыңкы китепканалардын фонддоруна өткөрүп берилери айтылды.
Иш-чара Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борбору менен Кытайдын элчилиги тарабынан биргелешип уюштурулган.