Ташкентте Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүү иш-чаралары өттү

Борбор Азия Загрузка... 06 Февраль 2026 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 06.02.26. /Кабар/. Ташкент шаарында Россотрудничествонун алдындагы Коомдук кеңештин делегациясынын расмий сапарынын алкагында Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүүгө багытталган иш-чаралар өттү, деп билдирет жеринен кабарчыбыз.

Иш-чаралардын негизги бөлүгү «Жеңиш паркы» мемориалдык комплексинде уюштурулду. Анда Коомдук кеңештин колдоосу менен даярдалган орус тилдеги жаңыланган экспозициянын бет ачары болуп, ошондой эле Өзбекстанда төрөлгөн Советтер союзунун Баатыры Грант Оганьянцка арналган эстелик такта орнотулду. Мындан тышкары, делегация мүчөлөрү "Эненин одасы" жана "Ленинград монументи" эстеликтерине гүл коюшту.

Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Игорь Чайка бул жерде орус тилдеги маалыматтык сүрөттөмөнү даярдоо Россия менен Өзбекстандын ортосунда Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын эскерүү багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.

"Улуу Ата Мекендик согуш СССРдин бардык элдери үчүн ыйык болуп саналат жана ал элдерди улуу баатыр-азатчылардын урпактары катары бириктирет. Бул биримдикке тилдик, саясий же башка тоскоолдуктар болбошу керек", -деп айтты ал.

Программанын жыйынтыгында эмгек сиңирген жана эл артисттеринин катышуусунда "Эс тутум жолдору" аттуу адабий-музыкалык композиция көрсөтүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү, достук мамиледеги мамлекеттердин дипломатиялык корпусу, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери, коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрү катышты.