Ташиевдин баласы менен тааныштыгын айтып, алдамчылык кылгандар кармалды

Укук тартиби 10 июль 2025 12:21
Ташиевдин баласы менен тааныштыгын айтып, алдамчылык кылгандар кармалды
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Буга байланыштуу Ш.у.З. жана С.И.Ф. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.

Такталгандай, кармалгандар коркутуу жолу менен, ошондой эле УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экендигин айтышып К.Э.И. аттуу жарандын жеке кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.

2025-жылдын 3-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.у.З. жана С.И.Ф. кармалып, камакка алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.