Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалында жеңишке жеткен курама команданын оюнчулары тарыхта биринчи жолу чемпиондук шакектерге (перстень) ээ болушат. Бул тууралуу ФИФАнын басма сөз кызматы билдирди.
Жалпысынан 2 026 даана шакек даярдалат. Анын 30у чемпион болгон футболчуларга бөлүнсө, калган 1 996 шакекти дүйнө жүзүндөгү күйөрмандар сатып ала алышат.
Белгилей кетсек, чемпиондук перстендерди тапшыруу салты Түндүк Американын спорттук лигаларында (НБА, НФЛ ж.б.) абдан популярдуу.