Тамдык – Кишемиш – Булак-Башы жолунун 13,5 чакырымы курулуп бүттү

Аймак Загрузка... 08 Декабрь 2025 09:08
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 08.12.25. /Кабар/. Тамдык – Кишемиш – Булак-Башы унаа жолунун 13,5 чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Дем алышта министр Абсаттар Сыргабаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аталган жолдун курулушун көрдү.

Жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол эки тилкеге бөлүнөт. Биринчи участок – 28 чакырым, анын ичинен 13,5 чакырымы курулуп, калган бөлүгүндө иштер уланууда. Экинчи участок – Кишемиштен Булак-Башына чейин 23 чакырымды түзөт.

Министр Сыргабаев курулушка байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды берди.