Бишкек, 04.08.26 /Кабар/. Кыргызстан үчүн “Тамчы” эркин экономикалык аймагын түзүү – туура жана өз убагындагы кадам, бирок долбоордо айрым тобокелчиликтер да бар. Мындай пикирин экономист, изилдөөчү Улукман Мамытов жергиликтүү радиолордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда дүйнөлүк экономикада жана геосаясатта ири өзгөрүүлөр жүрүп жаткан шартта Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр үчүн жаңы каржы-инвестициялык аймактарды түзүү зарыл.
“Бул аймак биздин экономикабызга чоң түрткү болот. Дүйнөлүк абал муну талап кылып жатат. Анткени, азыр дүйнөлүк каржы системасы өзгөрүлүүдө. Батыш экономикасы кризиске жакындап, ордуна жаңы борборлор пайда болууда. Эгер мурда Лондон менен Нью-Йорк негизги каржы борборлору болсо, азыр Азияда Гонконг менен Сингапур, ошондой эле Дубай менен Абу-Даби сыяктуу борборлор күч алып жатат”, — деди ал.
Экономист белгилегендей, акыркы геосаясий чыңалуулар айрым каржы борборлордун өнүгүүсүнө таасирин тийгизүүдө. Мындай шартта Борбор Азияда жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, Астана сыяктуу каржы-инвестициялык аймактар активдүү өнүгүп жатат.
“Биз да өз мүмкүнчүлүгүбүздү сунуштап жатабыз. Бул туура аракет. Биздин климат, географиялык жайгашуу жашоо үчүн ыңгайлуу. Эгер инфраструктураны жакшы түзө алсак, инвесторлорду тартууга шарт бар”, — деп кошумчалады Мамытов.
Ошол эле учурда ал “Тамчы” долбоору эксперимент катары бааланып, аны ишке ашырууда айрым тобокелчиликтер бар экенин белгиледи. Алсак, эркин экономикалык аймак буга чейин калыптанган шаарда эмес, эң башынан курулуп баштаганында. Ошондуктан долбоорго өзгөчө көңүл буруу менен ишке ашыруу зарылдыгына экономист кеңири токтолду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жаңы эркин экономикалык аймак – “Тамчы” түзүлүп, ага өлкөнүн инвестициялык жана экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы драйвери катары чоң үмүт артылууда. Долбоор Ысык-Көлдүн туристтик потенциалын гана эмес, өндүрүштү, логистиканы, экспортту жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө багытталган.