Таластын өнөр жай өндүрүшү алты жылда 27 эсеге өстү

Экономика 11 сентябрь 2026 14:00
Таластын өнөр жай өндүрүшү алты жылда 27 эсеге өстү
copyright icon WWW

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү акыркы алты жылда дээрлик 27 эсеге өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, 2020-жылы облуста 1,9 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 51,3 млрд сомго жеткен.

"Өсүшкө жаңы өндүрүш ишканаларынын ачылышы жана өндүрүштүк кубаттуулуктардын көбөйүшү таасир этти. 2025-жылы облуста бир катар заводдор жана ишканалар ишке киргизилген. Алардын арасында асфальт-бетон, темир-бетон, кирпич, кум-шагыл жана ташты кайра иштетүүчү ишканалар бар", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 2026-жылдын январь-июль айларында Талас облусунда 39,5 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 106,6 пайызды түздү.