Таласта жаңы агрокомплекс ишке кирди

Аймак 7 октябрь 2026 12:15
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.07.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.02.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.24.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.19.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.13.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-07 at 11.06.07.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Талас облусунун Айтматов районундагы Ак-Башат айылында “Талас Органик” агрокомплекси ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Талас облусунда эл аралык органикалык сертификат алган биринчи толук циклдеги ишкана болуп саналат.

Аянты 300 гектарды түзгөн комплексте тамчылатып жана жаадырып сугаруу системалары, суу бассейни жана 1,5 миң тонна сыйымдуулуктагы климаттык көзөмөлдөгү кампа бар.

Бул жерде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдөн тартып жыйноо, сорттоо, муздатуу, сактоо, таңгактоо жана сатууга чейинки бардык процесстер жүргүзүлөт.

Долбоордун алкагында биринчи сезондо 35 гектар жерге органикалык картошка өстүрүлүп, аны Казакстанга экспорттоо пландалууда.

Келечекте агрокомплекстин аянтын 500 гектарга чейин кеңейтүү, жаңы өсүмдүктөрдү өстүрүү жана фермерлерди органикалык өндүрүш технологияларына окутуу каралган.

Долбоор “Альянс Алтын” фонду тарабынан 320 млн сом жеке инвестициянын эсебинен каржыланган