Бишкек, 24.07.25 /Кабар/. Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде атайын кызмат тарабынан Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну О.А.Б. аттуу жаран кармалды.
Алынган маалыматтарга караганда, Instagram социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы "Таластын смотрящий баласы" аттуу видео-ролик жарыяланган, анда Талас районунун Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын "Весь Кыргызстанды кармагым келет.... бироо кынк десе эле өлөт" деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, кармалган О.А.Б. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү эмес жана буга чейин да болгон эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгон. Мындан улам, ага жана анын жакын туугандарына карата мындай билдирүүлөргө жана "кылмыш дүйнөсүнүн" идеологиясын пропагандалоого жол берилбестиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
"Бүгүнкү күндө Талас облусунда "смотрящие", "положенцы" дегендер жана башка уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жок. Эгерде алар аныкталса, аларга карата Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде катаал чаралар көрүлөт". - деп айтылат маалыматта.