Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө карата "Бандит" аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында Талас облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 48 жарандын ичинен Талас облусунун аймагында туруктуу жашаган 13 жаран облустук милицияга алып келинип, биометрикалык маалыматтары алынып, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, каттоодо турган 6 жаран чет мамлекетте жүргөндүгү, 5 жаран эркиндигинен ажыратылып түзөтүү мекемесинде мөөнөтүн өтөп жаткандыгы, 24 жаран Кыргызстандын башка аймактарында жашап жаткандыгы аныкталды.
Аталган иш-чаранын жыйынтыгы боюнча каттоодо турган УКТ мүчөлөрү кылмыштуу топтордун идеологиясынан баш тартышып, КР мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттеништи.
Белгилей кетсек, Талас облусунун аймагында “Смотрящий”, “Положенец” макамына ээ болгон УКТ мүчөлү жок жана кылмыштуу идеологияны жандандырууга болгон бардык аракеттер мыйзамга ылайык катуу жазаланат.