Төө буурчак Кытай, Индия, Түштүк-Чыгыш Азияда, Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде өстүрүлөт. Көп мамлекеттерде буурчакка болгон суроо-талап жогорулап жатат. Экспортко чыкканда өзгөчө кыргыз буурчагы сапаты менен айырмаланып, жакшы бааланары айтылууда. Жергиликтүү дыйкандарды түшүмдү сатууда баа маселеси ойлондурат. Мындай жагдайлар жаралбашы үчүн облуска буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу зарылдыгы пайда болууда. Бул ирет биз төө буурчакты өстүрүүдөн экспорттоого чейинки маселелерди карап көрдүк.

“Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коому тарабынан 100 млн сомго “Алтай Агро” ЖЧКсы менен биргеликте Таластын дыйкандарынан 95 сомдон төө буурчак сатып алынууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Алтай Агро” ишканасынын директору Эрбол Замирбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда каражаттын 90%ы пайдаланылды.

“Дыйкандарга колдоо көрсөтүү жана бааларды туруктуу кармоо максатында төө буурчак 95 сомдон сатып алынып жатат. Төө буурчакты биз кайра иштетүүдөн өткөрүп, таңгактап экспортко чыгарабыз. Бүгүнкү күндө Иран, Өзбекстан, Россия, Индия жана башка мамлекеттерге төө буурчакты экспорттоо боюнча келишимдерибиз бар. Биз жогоруда айтып кеткен 100 млн сом суммасындагы каражаттан тышкары да жеке акчабызга төө буурчакты сатып алуудабыз”, - деди ал.
Ошондой эле ишкер сатып алуучулар менен келишимдер бар болгону менен транспорт маселесинде кыйынчылыктар жаралып жатканын айтып өттү.

“Келишимдер бар, алуучу бар, бирок логистикада маселе жаралып жатат. Логистика масалесин айтсак, бул Казакстан менен Россиянин ортосундагы тыгындар, мындан тышкары Иранга продукцияны жеткирүүгө жүк ташуучу унаалар болсо да, кымбатка туруп жатат”, - дейт Эрбол Замирбеков.
Талас облусу жылына 50 миң тонна буурчакты 20дан ашык өлкөгө экспорттойт. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Кабар подкастка берген маегинде, буурчактын баасы бир жылы жакшы, бир жылы арзан болуп калат.

“Былтыр буурчактын баасы жакшы болду мисалы, кызыл буурчак 105-120 сомго чейин жеткен. Ал эми “лопатка” сортундагы буурчактын баасы 130-150 сомго чейин көтөрүлүп, кайра түшкөн. Ал эми быйыл кызыл буурчак 90-95 сомго, “лопатка” сортунун баасы 110 сомго түшүп кетти. Биз карапайым дыйкандарды мээнетин текке кетирбегенге аракет кылып жатабыз. Талас облусунун буурчагы дүйнөлүк рынокко чыккан буурчактын көлөмүнүн 4%ын гана түзөт. Калган 96% Аргентина, Эфиопия, Египетте жана башка өлкөлөргө туура келет. Ошондой эле биз дүйнө жүзүндөгү бааларды кымбат же арзан болушун аныктай албайбыз”,- деди Жумаев.
Облус жетекчиси Талас облусунда өстүрүлгөн буурчак чет жакта сапаты жагынан жакшы бааланарын билдирип, буурчакты брендге айлантуу маселеси каралып жатканын кошумчалады.
”Учурда 7-8 ири ишкана 5 миң тоннадан жогору көлөмдө экспорттойт. Жыл сайын 1000-2000 тоннадан саткандар да бар. Алар буурчакты сатып алып, сорттоп экспортко жиберет. Бизде кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда. Эми биз буурчактарды “Made in KG” бренди менен таңгактап, рынокко чыгарышыбыз керек. Ошондой эле Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдөгү ири соода түйүндөрү менен келишим түзүү жагын да карап чыгуу боюнча сунуш даярдап жатабыз. Бул кирешени көп алып келет деп турабыз”, - деди облус башчысы.

Айыл чарба илимдеринин доктору, академик Жамин Акималиевдин пикиринде, Таласта башка өсүмдүктөргө салыштырмалуу төө буурчак көп эгилет. Түшүм жыйналганда продукцияны экспортко чыгаруу жеңил болушу үчүн облуска кайра иштетүүчү ишканаларды куруу зарылдыгы учурдун талабы.
Жамин Акималиев белгилегендей, ишканалар сатып алуучулар менен алдын ала канча көлөмдө төө буурчак экспорттолушу керектиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мунун дыйкандарга да, экспорттоочуларга да пайдасы чоң.

“Төө буурчактын түшүмү жыйналганда дыйкандар каякка сатабыз деп ойлонбошу үчүн жана анын баасы туруктуу болушу үчүн Таласка буурчакты кайра иштетүүчү ишканаларды куруу керек. Андай компаниялар көп өлкөлөрдө бар. Бул Кыргызстандан сатканга буурчакты башка өлкөлөргө ташып отурбай, ишканалар келишимдерге жараша кайра иштетип, таңгактап жөнөтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошол эле маалда ишкана төө буурчакты себерге чейин сатып алуучулар менен бир жыл мурун келишим түзүп алса да жакшы болот. Кийин канча баада алынат? Кургакчылык болсо кандай жагдайлар жаралат? Ушул суроолорду алдын ала баарын талкуулап алган оң. Башка мамлекеттердеги сатып алуучулар менен сүйлөшүүлөр атаандаштыкты жаратып баасы да өзгөрүшү мүмкүн.”, - дейт академик.
Ошондой эле Жамин Акималиев дыйкандар жыл сайын төө буурчак өстүрө бербей, которуштуруп айдоо ыкмасын да өздөштүрүшү кажет деген ойдо.

“Төө буурчакты көп өстүрбөй, айдоо аянттарын азайтып башка өсүмдүктөрдү сепсе жакшы болмок, мисалы, дан эгиндерин, көп жылдык чөптөрдү, Таласта кант кызылчасы да жакшы чыгат. Ошондуктан которуштуруп айдоо ыкмасын да колдонуш керек”, - деп эсептейт Жамин Акималив.