Таласта стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 29 сентябрь 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-09-27 at 12.52.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-27 at 12.52.06 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-27 at 12.52.06.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-27 at 12.52.06 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Талас облусунда стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Манас районунун прокуратурасы тарабынан текшерүу жүргүзүлүп, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймактан стратегиялык мааниге ээ болгон Тараз – Талас – Суусамыр автожолунун боюндагы 1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.