Таласта күчтүү таасир этүүчү дары ташыган жаран кармалды

Укук тартиби 9 июль 2025 15:20
4_QiDVV1w.jpeg
1_Im3jei6.jpeg
2_EWwvywf.jpeg
3_02G2zdh.jpeg
Алдыга
Артка
4_QiDVV1w.jpeg
1_Im3jei6.jpeg
2_EWwvywf.jpeg
3_02G2zdh.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Таласта күчтүү таасир этүүчү препараттар алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан психотроптук заттардын ири партиясын мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталган.

Натыйжада Талас шаарында 34 жаштагы К.У. Э. аттуу жарандан курамында психотроптук заты бар күчтүү таасир этүүчү 46 455 капсуладагы препараттар табылып алынган.

Аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.