Таласта "Черди" туристтик аймагын куруу иштери аяктап калды

Аймак 28 август 2026 16:10
IMG_1412_0BX0M40.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагында "Черди" туристтик аймагын куруу иштери аяктап калды. Объект Талас облусундагы аймакты өнүктүрүү жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына даярдык көрүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышына арналган пресс-тур учурунда көрсөтүлдү.

Туристтик аймакта эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн шарттар түзүлүүдө. Бул жерде "Барнхаус" стилинде 10 үй, чоң мончо жана 60 орундуу ресторан курулду. Ошондой эле маралдын мүйүзүн (панты) колдонуу менен ден соолукту чыңдоочу процедураларды өткөрүү үчүн атайын ванналар орнотулду.

Шумкар-Уя айыл аймагынын башчысы Бакыт Кадыралиевдин айтымында, пант менен дарылоо процедураларын кийинки жылдын 27-майынан тартып баштоо пландалууда. Анын белгилешинче, мындай ыкма Тоолуу Алтайда кеңири колдонулат, ал эми Кыргызстанда мындай масштабдагы комплекстүү объект азырынча жок.

IMG_1440_4gCIjxt.width-800
"Бул адамдардын ден соолугун табигый жол менен чыңдоого багытталган эс алуу жайы жана санаторий болот", - деди ал.

Талас облусундагы президенттин өкүлү Эрмек Жумаев билдиргендей, долбоордун алкагында туристтик аймакка 20га жакын марал алып келүү пландалууда. Учурда чарбада 80ге жакын марал бар.

Долбоорду каржылоонун жалпы көлөмү 85 млн сомду түзөт. Анын ичинен 50 млн сом курулуш иштерине, дагы 35 млн сом жол, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо сыяктуу инфраструктурага багытталган. Курулуш иштери "Альянс Алтын" компаниясынын колдоосу менен, ал эми инфраструктуралык иштер айыл өкмөтүнүн каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

IMG_1433_hSqBmAe.width-800
"Президенттин колдоосу менен бул объектке 50 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Сентябрдын башынан тарта туристтик аймак пайдаланууга даяр болот", - деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Учурда аймакта акыркы курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Бир жуманын ичинде электр энергиясын тартуу жана жолду асфальттоо иштерин аяктоо пландалууда.

Бакыт Кадыралиевдин айтымында, объектти курууда экологиялык коопсуздук талаптары эске алынган. Долбоор алдын ала экология органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылган. Үйлөр пайдубалга казык орнотуу жолу менен курулуп, топуракка болгон таасир минималдаштырылган.

"Черди" туристтик аймагы Талас облусунда ички жана чет элдик туризмди өнүктүрүү боюнча президенттин тапшырмаларынын алкагында түзүлүп жаткан туристтик инфраструктура объектилеринин бири болот.

Объект 11-12-сентябрда өтө турган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга карата конокторду кабыл алууга толук даяр болот деп күтүлүүдө.