Таласта 19 жылдан бери издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

Укук тартиби Загрузка... 25 Июль 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Талас облусунда 2006-жылдан бери изделип жаткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кызматкерлери Чек ара кызматы менен биргеликте 2006-жылы 8-түзөтүү мекемесинен качып, эл аралык издөөдө жүргөн К.М.Д. аттуу чет өлкөлүк жаранды кармады.

Кармоо Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда жүргүзүлүп, шектүү адам жашырынып калган.

Азыркы учурда К.М.Д. Талас шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кыргыстандын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун ишине анын мүмкүн болгон катыштыгын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.