Таласта 15 гектарга жакын жер мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 24 Февраль 2025 12:56
79159.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.25. /Кабар/. Талас облусунда 15 гектарга жакын жер аянты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти

Маалыматка ылайык, Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү 14,73 гектар айыл чарба багытындагы жер тилке жеке жактардын менчигине мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөндүгү аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында, райондук прокуратура тарабынан баасы 6 млн 838 миң сомду түзгөн 14,73 гектар жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.