Талас облусунда жалпы 67 миң 59 жаран шайлоого катышты

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 21:10
WhatsApp Image 2025-11-30 at 19.48.06 (1).jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Талас облусунун аймагында саат 20:00гө карата шайлоочулардын 37 пайызы же 67 миң 59 жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча 17 шайлоо округ, 117 шайлоо тилкеси бар. Андан тышкары, Жерүй алтын кенинде аралыктан добуш берүү тилкеси жайгашкан. Жалпы облус боюнча жалпы 181 миң 136 шайлоочу катталган. Талас облусунда 16 айыл аймак, 93 айыл жана бир шаар бар.

Саат 20:00гө карата добуш бергендердин саны төмөнкүдөй:

  • Талас району – 15 974 же 33,7%;
  • Айтматов району – 19 590 же 42,0%;
  • Бакай-Ата району – 14 988 же 40,4%;
  • Манас району – 9 040 же 41,1%;
  • Талас шаары – 7 467 же 26,7%.

Талас облусунун шаар жана райондору боюнча жалпы шайлоочулардын саны:

  • Талас району – 47 392;
  • Айтматов району – 46 601;
  • Бакай-Ата району – 37 140;
  • Манас району – 22 021;
  • Талас шаары – 27 982.